www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 10 миңге жакын бак-дарак кыйылышы ыктымал. Жолдорду оңдоо боюнча кезектеги долбоордун алкагында ушундай коркунуч жаралып жатканын “Азаттык” радиосуна “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, 26-декабрда Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруу пландары талкууланды:

- Ар бир көчөдөн 200 бак кыйылса, аны тогуз көчөгө көбөйтсөк, 9800 бак кыйылат экен. Ошондуктан долбоорду иштеп чыккандар менен дагы сүйлөшөбүз. Бул жерде буюртмачы Бишкектин архитектура башкармалыгы болуп жатат, алар да корректура кылышы керек.

Бул боюнча Бишкек мэриясы азырынча расмий комментарий бере элек.

Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэрия бак-дарактарды кыюу инфраструктура үчүн аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети көчөт отургузулганын маалымдаган.

Борбордо тал-терек кыюуга каршы бир катар нааразылык акциялары өткөрүлгөн. Аларга милиция аралашкан учурлар болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости