www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Свердлов округу боюнча талапкер Шайлообек Атазовдун талапкер катары каттоосуна байланышкан маселени карады. Жыйынтыгында Атазовдун каттоосун күчүндө калтыруу чечими чыгарылды. Бул тууралуу Азаттык Радиосу жазып чыкты.
Ага каршы аталган округдан шайлоого катышкан дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арызданып, аны добуш сатып алууга айыптаган. Укук коргоо органдары арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, добуш сатып алуу фактысы аныкталбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдиришти.
Эске сала кетсек, Боршайком шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун 9-мартта жокко чыгарган. Буга добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылган.
Ал эмиАбдурахманхажи Муртазалиев өз дарегина айтылгандарды "каралоо" деп баалаган, БШКнын чечимин сотко берерин билдирген.
Булак: NazarNews.kg