www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда бир суткада 80 миң адамдан вирус аныкталды

Бразилияда акыркы суткада 80 миңге чукул адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, акыркы бир суткада өлкө боюнча 79 876 адамдын оору жугузуп алганы тастыкталган. Муну менен пандемия башталгандан бери Бразилияда вируска кабылгандардын жалпы саны 11,2 млн адамга жетти.

Министрлик билдиргендей, акыркы суткада пандемия башталгандан берки эң көп өлүм учуру катталып, бир күндө 2 286 бейтап каза тапкан.

Өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 270 656 адамды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости