www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнөн 7 жаш кичүү кызга жем болгон Таластык жигит

Таласта иш жок болгондуктан, Казакстанга иштеп кеткем. Курулушта, базарда иштеп жүрүп, акча жыйнадым. Кээде ач калып, кээде ток болуп жүрүп тапкан акчамды сары майдай сакгап, «үйгө барганда үйлөнөм» деген максатта ката берип, акыры бир машинага жеткидей акча болгондо үйгө салдым.

Дагы үч ай иштеп, акча жыйнап, Таласка келдим. Эки жүз миңге өзүм каалаган машина сатып алып, «эми үйлөнөйүн» деп кыз издей баштадым. Мурда мен сүйлөшүп жүргөн кыздар күйөөгө чыгып, айрымдары шаарга кетип калгандыктан, ылайыктуу кыз таба албай жүргөнүмдө мени таластык Чынара деген кыз менен тааныштырып калышты. Сулуучасынан келген, созулуп көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу кыз көңүлүмө жагып калды. Үйлөнүү тууралуу сунушумду айтсам, ал дагы макул болду. Ошентип бапырап той берип, үйлөндүк.

Таластагы «Хан сарайга» үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Арадан бир ай өткөндөн кийин Чынара «шаардагы эжем ооруп жатыптыр. Барып келейин» деп калды «Мен да кошо барайынбы?» десем, «сен үйдөгү жумуштарды бүтүрө бер, мен бат эле келип калам» деп шаарга жөнөдү. Чынараны узатып кала бердим, телефон чалсам, «шаарга жеттим» деди. Ошол бойдон байланыш үзүлдү.

Телефон чалсам телефону өчүрүлгөн. Эмне болду деп бүкү-түкү болуп, кайын журтума барып, ата-энесинен эжесинин телефонун алып чалсам, эжеси «мага келип эле кайра кеткен. Сыягы мурдагы күйөө бала менен жарашып алды окшойт» деди. Башка чапкандай эле болдум. Ошону менен Чынарадан дайын жок. Сураштырсам, көрсө Чынара Бишкекте окуп жүргөндө көлдүк бала менен жарандык никеде жашап жүрүптүр. Ал бала менен Чынаранын жашаганын ата-энеси, айылдагы туугандары билчү эмес экен. Бир эле ошол шаардагы эжеси билет тура. Ал бала бир-эки ай бир жакка кетип дайынсыз болгондо, Чынара Таласка баса бериптир. Ошол учурда мен ага жолугуп, үйлөнүп калыптырмын. Биз үйлөнгөндөн кийин кайра тиги бала Чынараны издеп, эжесине келет.

Ошентип, анын дайынын уккан Чынара Бишкекке жөнөйт. Ушунчалык алданганыма таң калдым. Казактарга жем болбой, акчамды алдатпай так иштеп келип, өзүмдөн 7 жаш кичүү кыз башымды айлантып, алдап койгонуна ыза болдум. Мен жалаң иш деп жүрүп, тажрыйбам жок экендигине ынандым. Досторум да «азыркы кыздар кулагыңа кесме илет, абайла» деп айтышты эле.

Булак: Азия News гезити

Последние новости