www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучулары жүргүнчүлөр учагы бриллиант менен кооздолгонуна кыжыры кайнап турган кез. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты. 

"Жаңы Emirates "Bling 777" учагын сунуштайбыз. Сүрөт блоггер Сара Шакил тарабынан тартылган", — деп астына жазылган сүрөттү блоггер менен Emirates компаниясы жарыялады.

Социалдык тармактын колдонуучулары аба кемесин асыл таштар менен кооздоо ашыкча нерсе экенин жазып, Африкада балдар өлүп жатканын эскертишкен.

"Кечирим сурайм, бирок, дүйнөгө Emirates Airlines компаниясынын күлкүлүү шоусунан башка нерсе керек. Ал каражат кыйналып жаткан адамдарга жумшалса, алда канча жакшы болот беле?" — деп сындашууда интернет колдонуучулары.

Дагы башка колдонуучулар сүрөт фотошоп экенин, учакты асыл таш менен жасалгалоо  техникалык жактан мүмкүн эместигин айтып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости