www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 31-январында саат 11:00дө Жогорку Кеӊеште (1-кабат, Батыш залы) Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык" үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости