www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-декабрда саат 06:55 чамасында Бишкек шаарында троллейбус менен жеңил унаа кагышып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, №17 троллейбус Карл Маркс көчөсү менен түндүк тарапка бара жатканда жеңил унаа каршы тилкеге чыгып, бетме-бет кагышкан. Жеңил унаанын айдоочусу ошол жерде көз жумду. Ал эми троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилди.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери жана жол тескөөчүлөр окуя болгон жерге жөнөп кетишти, жол кыймыл калыбына келтирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости