www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы  жана Швецияда жайгашкан «Адам укуктарын уоргоочулар» бейөкмөт уюму жек көрүүчүлүк кылмыштары менен күрөшүүдө швед мыйзамдарынын жетишсиздигин өздөрү жарыялаган ар кандай отчетторунда белгилешти. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Даниялык ашынган улутчул саясатчы Расмус Палудан 21-январда Швециянын борбор шаары Стокгольмдогу Түркия элчилигинин жанында Куранды өрттөгөндөн кийин өлкөдө жек көрүүчүлүк кылмыштары жана мыйзамдар камсыздаган коргоо кайрадан күн тартибине чыкты.

Баш кеңсеси Стокгольмдо жайгашкан «Адам укуктарын коргоочулар» деп аталган топтун баяндамасында жек көрүүчүлүк кылмыштарына байланыштуу Швеция мыйзамдарындагы кемчиликтерге көңүл бурулуп: «Укук коргоочулар бүгүнкү күндөгү жек көрүү кылмыштары боюнча мыйзамдар керектүү коргоону камсыздай албайт деп эсептешет», деп айтылган.

Өлкөдө жек көрүү кылмыштары көбөйүп жатканы менен мусулмандардын дагы көп бутага алынганына көңүл бурулган отчетто, «Бирок сот жообуна тартылып же аягында жаза берилген учурлар өтө аз»,деген сын айтылды.

Башка жагынан алып караганда, 31-октябрдан 4-ноябрга чейин Швецияга барып, жер-жерлерде изилдөө жүргүзгөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын эксперттер тобунун пикирлерине таянган отчетто, «Швеция, системалуу расизм менен күрөшүүдө мындан аркы кадамдарды жасап, полиция менен азчылык топторунун ортосундагы ишенимди кайра орнотуу стратегияларына көңүл бурушу керек»,деген маалыматка орун берген.

Последние новости