www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чабал өрдөк эрте учту же “Биримдикте” ким кожоюн?

Акыркы күндөрү "Биримдик" деген партиянын айланасында ар кандай сөздөр көбөйүп, башына бе-киген Аманкуловду алка жакадан алып, "аай кыйратпайсың, саясий куурчаксың" деп жеккигендер көп эле болууда.

Чындап эле Аманкулов деген депутаттын ушул кезге чейин ЖКда бир маселе көтөргөнүн көр-гөн, анын бар экенин бнлген деле киши болгон жок. Бирок, баардык партиялардан эрте озунуп, "Би-римдик" деген партияны жетектеп желпинип турганына баары таң.

Партияларда деген жаңычылдык, реформалык программа, эл жак-шыларынан бириккен кошуун де-ген болуп, анан аны артгыруу үчүн чыгат. Ал эми Аманкулов эл дүрбө-сө эшек кошо дүрбөйт болуп, 2020-жылы шайлоо десе эле чыга калган-дай туюлат. Сыягы, бийлик "чык" деп койгон окшойт. "Чык" деп эмне үчүн айтканын ал киши сурап алды бекен? Ит болбогой эле.

Башында турган партиясынын деле тарыхы, багыты, келечеги деле жакшы эмес. Даай ызы-чуудан кел- ген партия. Бир кезде аны кадимки Кумтөрдөн кулкунчу болгон Аман-гелди Муралиев деген түзүп чыгып, аны Максим баштаган Бакиев-чилер азыркы Алтыбаева Айнуру баштаган аялдар "отрядына" алып берип койгон.

Мыйзамдаштырып ошол түзду кылганы да жалган эмес. Аны Карганбек Самаковдуку деп да жүрүштү. Ал кийин кошул-ган экен. Алардын катарында мына ушул Марат Аманкулов да бар.

Эми минтип ошолордун тазасы, мыкты-сы, лидери болуп Аманкулов чыгып олтурат. Кыргыз тилин экелеп сүй-лөгөн неме элди жыргатып, кыр-гызга кыпындай күйөт деп айта ал-байбыз. Ага караганда улуту башка болсо да, гимнди жаш баладай жат-тап айтса да, жанагы депутат мык-ты экен.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости