www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Лексус GS- 300» үлгүсүндөгү автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты.

Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 1 648 220 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрулүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости