www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

О кокуй, өзүбүз өздөштүрүп башкараар күн болобу?

Кайсыл гана өкмөт келбесин, мамлекетке ири салыктарды берээр, өкмөттүк көзөмөлдө болуп, өзүбүз бийлик кылаар ири ишкана, мекемелерди башка чет элдик башкарууга берип жибермей саясат боло бергени болгон. Баары тартыштыктан экени айдан ачык. Минте берсек Кыргызстан эртең өзүнүн негизги багыттагы объектилеринен деле айрылып калат го!

Мамлекеттүүлүгүбүздү да жоготобуз да. Баары бүтүп эми эки негизги аэропортубузду да чет элдик башкарууга бергени жатканыбыз кандай? Ушундай эле. Боронов айтты. Биринчи вице-премьер мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эки аэропорт иштетүүгө берилерин билдирип, бирок кимдерге экендигин ачыктаган жок. Анын билдирүүсү боюнча Кыргызстандын аэропортторун, анын ичинде "Ош" жана "Манас" ири аба майдандарын тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалууда экен.

Ушул жылдын декабрь айында аталган аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорунун даярдык иши аяктаган. Алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында берилет имиш. Кыргызстандын тышкы агылып келген коркунучтары болгон ушундай өзгөчө кайтарымда болгон объектини чет элдин башкарууга берүү чоң коркунуч алып келбейби?

Булак: “Факты.kg”

Последние новости