www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эң алыскы жана тынч аймагы болуп эсептелген Чаткал районунда кыштын кычыраган азыркы суугунда абал кооптуу болууда. Анткени 2-декабрда райондун Терек-Сай айылынын тургундары милиция кармап кеткен жердештерин бошотуу талабы менен айылдын борборуна митингге чогулушту. Акцияга келгендер облустук ички иштер башкармалыгына “тергөөгө” деп алып кеткен 15 тургунун тез арада бошотууну жана аларга карата козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда.
Бизге белгилүү болгондой, бул айылда түрктөрдүн “Эти Бакыр Терек-сай” деген фирмасы эки жылдан бери алтын казуу иштери менен алектенет. Ал эми жергиликтүү эл аларга бир топ талаптарды коюшууда.
Биринчиси, жергиликтүү элди фабрикага жумушка албай жаткандыгынын себебин тактоо.
Экинчиси, айылдын үстүндөгү дамбаны толтуруп жатышат. Эгер дамбадан суу ашып кете турган болсок, айылды жууп эле кетет.
Үчүнчүсү, түрк компаниясы Терек-Сай айылын толук тосуп алып, мал-жандыктарды өткөрбөй жатышат.
Мына ошондон ызы-чуу чыккан. Чатактын башы да дал ушул мал кайтарган балдардын сабалышынан чыккан. Себеби жаш баланы компаниянын кароолчусу сабап койгон. Ага жинденген ондон ашык бала барып, ортодо тополоң чыккан. Анан кароолчуну сабаганга аракет кылган деген шылтоо менен 15 жергиликтүү жаштарды камап коюшкан.
Көрсө, түрк компаниясы менен жергиликтүү элдин тирешүүсү мурда эле жаралып, азыр жарылган учуру экен. 3-декабрда 500гө чукул эл талабы аткарылмайынча таркабай тургандыктарын билдиришип, боз үй тигүүгө аракет кылышты эле, ага милиция жол бербеди.
Ал эми чаткалдыктардын талабы – жакында курула турган алтын комбинатына уруксат бербөө.
Булак: “Майдан. kg”