www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы чыр-чатак качан токтойт?

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтү менен чектешкен Гафуров районундагы “Овчи Калача” бекетинде Тажикистандын майору Рахимов Шабхоз өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп, ошол бекеттен өткөн кыргыз жарандарына кол салат. Биздин аялдарга жана кыздарга адепсиз жүрүм-турумдарды көрсөтөт. Алардын чөнтөктөрүнө кол салып, телефондорун тартып алып, ар бир адамдын миграциялык кагазына бекеттен өтүү үчүн  5 сомониден (36 сом) алат.

Бул маселе боюнча жергиликтүү калк өкмөттөн эч кандай жардам күтпөй, жергиликтүү кеңешке кайрылышкан. Жергиликтүү бийлик өзүнүн коопсуздугунан элдин кызыкчылыгын бийик коюп постто эмне болуп жатканын билүүнү чечишкен.

Канчага чейин кыргыз эли ушундай кордуктарга чыдашы керек? Дипломатиялык деңгээлде чечүүчү мамлекеттик кызмат барбы?

Бул качанкыга чейин улана берет?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости