www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2019-жылдын 28-ноябрь күнү Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө.
Саммитти өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана ыкчам аракеттерди көрүү максатында күн-түн нөөмөт менен милициянын кайгуул кезметтери уюштурулду. Коомдук тартипти төрт миң ички иштер органдарынын кызматкери камсыздашууда жана кызматын сапаттуу өтөө үчүн зарыл болгон
бардык шарттар түзүлгөн.
Коомчулуктан кошумча суроо-сунуштар келип жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматкерлер үчүн кошумча ысык тамак жана кезек-кезеги менен нөөмөттө туруу, ошондой эле жылынуу пункту уюштурулган, деп ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg