www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлүк студенттер бир жылда 5 миңге азайган

Кыргызстанда окуган чет өлкөлүк студенттер бир жылда дээрлик беш миңге азайды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик улан-кыздардын саны 15 миңди түздү.

Бир жыл мурда бул сан 20 миңдин, ага чейинки жылы 16 миңдин тегерегинде болчу.

Чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык билим алуу үчүн келген индиялык жана пакистандык жаштар.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын «кара тизмеге» киргизип, муну билим берүү сапатынын төмөндүгү менен түшүндүргөн. Кыргызстан лицензиялык көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатканын билдирген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда көпчүлүк окуу жайлар убактылуу жабылып, окутуу онлайн режимде өтүп жатат. Айрым чет өлкөлүк студенттер мекенине кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости