www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун жубайы ооруканадан чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы 30-январда ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Улуттук госпиталдан билдиришти.

«Курсан Асановдун жубайы геморрагиялык инсульт менен келип түшкөн, абалы оор болчу. Ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Ден соолугунун калыбына келүү динамикасы жакшы болчу. Абалы турукташкандан кийин ооруканадан чыгарылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Үсөнканова 12-январда УКМКда суракка баргандан кийин ооруканага түшкөн. Ал ири суммадагы алдамчылык фактысы боюнча чакырылган.

Андан кийин Үсөнканова тергөө иши башталганча өзүн жаман сезип, Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости