www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чуваштардын башчысы Михаил Игнатьев, бийликти сындаган журналист, блогерлерди сабоого чакырды. Бул тууралуу Орусиялык маалымат булактары билдирүүдө.

Маалыматта айтылгандай, Игнатьев Орус-Чуваш басма күнүнө арналган салтанаттуу кечеде сөз сүйлөп жатып, эртеден кечке Европа менен Американы мактап, орус бийлигин жамандаган маалымат өкүлдөрүнө карата нааразычылыгын билдирген.

“ – Андайларды жанчыш керек. Эл ичинде айтылгандай “мочить” этиш керек. Мен бул жерде эч кимди тарбиялагым жок. Болгону бурмаланган маалыматка көпчүлүк бат ишенип алганына кыжырым кайнайт. Ошентсе дагы айтып коюуш керек, туура эмес маалымат, акыры аны чыгаргандардын жүзүн ачып берет”, - дейт чуваштардын башчысы.

Чиновниктин пикирине таянсак, бийликке карата айтылган сындан кийин, митинг, пикеттер орун алат. Мындан улам мамлекеттик кызмат толук бойдон  ошол баш аламандыкты жөнгө салуу менен алектенип, регионду өнүктүрүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу сыяктуу тиешелүү иштер кечеңдеп кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости