www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майами университетинин окумуштуулары порно тармагында иштегендердин сексуалдык мүнөздөгү көйгөйлөрүн изилдеп чыгышты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, ар бир 4 актрисанын бирөөсү жумушун аткарууда кыйынчылыктарга кабылышат. Ал эми актерлордун жарымынан көбү эрекция үчүн ченемден ашыкча дары-дармектерди колдонушкандыктан, жеке жашоосунда да төшөк маселесинде кыйналышып, дүүлүктүрүүчү дарыларга муктаж болуп калышат. Бул тууралуу Daily.Mail жазып чыккан.
Окумуштуулардын айтуусу боюнча, порнография аны колдонуучулардын эле эмес, ага тартылгандардын да жашоосуна терс таасирин тийгизет. Изилдөөнү уролог Джастин Дубин (Justin Dubin) жетектеген. Ал бул изилдөөнүн натыйжасы порно жылдыздарына салыштырып, өзүн кемчиликтүү сезгендерге пайдасы тийет деген үмүттө.
69 пайыз порно актер атайын дарыларды кодонушат, 58 пайызы жеке жашоодо да сөзсүз муктаж экендиктерин айтышкан. Дүүлүктүрүүчү каражаттардын көпүлүгү жаш актерлер экендиги изилдөөчүлөрдү таң калтырган. 20 жаштан 29 жашка чейинкилер жалпы эсептин 84 пайызын түзүшкөн.
Аялдардын психологиясын түшүнүү кыйын болгондуктан аларга карата изилдөө аягына чейин чыккан эмес.
Дарыгер айткандай, “алар менен салыштырып, өзүнө төмөн баа берүү – өзүнө да, аткаруучуларга болгон туура эмес мамиле” болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg