www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кочкор районуна караштуу Ормон Хан айылынын окуучулары суук мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.
Анын айтымына, билим уясы жеңил конструкциядан тургузулган, ал эми имараттын дубалдарына тартылган айнек кебездерди чычкандар жеп, кемирип салышкан. “Кышында мектепте өтө суук, жайдын ысыгында болсо окуу жайдын ичи чычкандардын жагымсыз жыты каптайт. Бул маселени карап берүүнү өтүнөм. Өкмөт ар кандай той-топур, маарекелерди өткөрүүгө акчаны жумшабастан социалдык маселелерди чечсе болмок”, - дейт эл өкүлү.
Өлкөдө ар кандай майрамдык иш чаралардан убактылуу баш тартып турса боло тургандыгын кошумчалайт депутат Жылдыз Мусабекова.
Булак: NazarNews.kg