www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жылкысын союп берели, дарысын төлөйлү" дей берсе жол кырсыгы токтобойт. Мындай пикирди "Жол коопсуздугу" коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетова билдирди. 

--"Жол кырсыктарын кантип алдын алууга болот? Биринчиден, пропаганда, профилактика иштери өтө күчтүү болуш керек эле. Ошол иштер дагы начар жүрүп жаткандыр... Түшүндүрүү, үгүттөө дегенде сөзсүз эле бир баннерди илип, же бир жылда бир видеону араң чыгарып коюу эмес. Муну байма-бай, системалуу жүргүзүү зарыл. Мектеп, бала-бакча, автомектептер, бүт транспорттук уюмдар камтылышы керек.

Экинчиден, жоопкерчиликке тартуу маселеси деле өтө күчтүү эмес. Айрыкча акыркы учурда мыйзамдарды гуманизацияга ылайыктайбыз деп ого бетер "жумшартылып" кетти. Көп жол кырсыктары МАИ кызматкерлери жок эле бүтүп жатканына күбөбүз. Мурунку эле күндү алайын Ысык-Көлдө жүргөндө эки жол кырсыкты көрдүк. Экөөндө тең жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ошол жерде туруп, изилдеп, кызмат өтөп жатканы көрүнгөн жок. Бул жол кырсыгы болгон күнү дагы айдоочулар өз ара бүтүрөт дегенди билдирет. Акча аркылуу чечишип алышат. Натыйжада акча менен бүтүрүп, кутулган адам эч качан өзүнүн жоопкерчилигин сезбейт. Керек болсо өлүм учурларын дагы сатып алып жатышат.

"Кырсык болду, мен өлүмүн көтөрүп берейин" деп акча төлөшөт. Анан ошол эле “өлтүргөн” айдоочу эртеси эле эч нерсе болбогондой кайра рулга отуруп, дагы эле жолдо жүргөн болот. Тилекке каршы "айдоочу өлтүрүүчүлөр" биздин арабызда өтө көп", - дейт ал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости