www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөз бар. 2013-жылы Миллерге Кыргыз газын 1 долларга  саткан учур болгон. Кыргыз эли түшүнгөн жок, айтайын десе оозу бүтөлү. Эмнеге бекер бербейт, же 1000 долларга сатып, өтө жакырга жардам берилбейт? Бирок, кыргыз элинин оюн түшүнгөн, буга чейин парламенттин спикери катары көп түйшүктүү көйгөйлөрдү чечип келген Акматбек Келдибеков  элдин оюн түшүнүп, парламенттин бийик трибунасында ушул маселени көтөрүп чыккан. Акматбек Келдибеков элге жакканы менен, ошол кездеги бийликке жаккан жок. Атамбаевдик бийликтин оюу Акматбек Келдибековду “сындырыш” керек эле. 2013-жылы ушул күндөрү Акматбек Келдибековду тазалаш үчүн операциялар башталат:

  1. Акматбек Келдибековду камаш керек;
  2. Акматбек Келдибековго бүткүл бийликтин маалыматынан “кара пиар” сүйкөш керек.

Атамбаевдик бийлик Акматбек Келдибековду камайт. Арийне, ошол кездеги Ош аймагы муну кабыл албайт. Акматбек Келдибековдун камалганын уккан Ош аймагы Ош шаарында дүрбөлөң уюштуруп, Оштун аянтында Акматбек Келдибековду колдогон эл митингге чыгышат. Муну ошол кездеги Оштун мэри Мелис Мырзакматов колдоп чыгат. Акматбек Келдибековду колдогону үчүн Мелис Мырзакматовго Атамбаев кек сактап бир жарым айдан кийин Аалы Карашев, Тайыр Сарпашев сыяктуу өзүнүн карамагындагы жасакерлерди жиберип, Мырзакматовду жоготот. Ал эми Акматбек Келдибековду колдоп жаткан Жаныш Рустанбеков, Абдыганы Эркебаевдердин өздөрүн кармай алышпаса да кыздарын кармап же кыздарыңды соттойбуз, же Атамбаевге иштегиле деген маселе коюп, алар кыздарынын айынан Атамбаевге иштеп бири Илимдер Академиясын жетектеп, бири элчи болуп кетишкен. Ошентип, Акматбек Келдибековдун “канатын сындырышып”, аны колдоп турган Мелис Мырзакматовду мэрден алып түшүшкөн. Ал эми абакта жаткан Акматбек Келдибековго “кара пиарды” каалашынча сүйкөгөн:

  1. Бизде кээ бир мамлекеттик документтер көз бойомочулукка салынып, ашыра жамандалып жиберген. Эл аралык парламенттик уюмдардагы укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 93-V токтому бекитилген,бул өзгөчө Жобо менен жөнгө салынат. Мында республикалык бюджет ЖК мыйзам түрүндө үч окууда добуш берүү жолу менен кабыл алышып, ага президент кол койот. 2011-жылдын 3-мартында ЖК мыйзам кабыл алып, ушул жылдын 30-мартында президент кол койгон, 5-апрелден күчүнө кирген. Бул мыйзамдын 2-1 тиркемесинде ЖК бөлүгүндө атайын өкүлдүн катчылыгын каржылоо 13 млн. 099,7 миң сомду түзгөн. Анын ичинде эмгек акысы 4 млн 914,1 миң сом болгон. Атайын өкүлдүн кызматынын киргизилишине карата КРнын бир топ мыйзамдарына кайрылуулар болгон. Орусиянын тиешелүү адамдарына Кат жөнөтүлүп, бирок шайлоо процесстерине байланыштуу алар убактылуу токтотулган. Бул мыйзам боюнча спикер ЖКга ар жыл сайын отчет берүүгө милдеттүү болгон. 2012-жылы 1-январда атайын өкүлдүн иши токтотулган, атайын өкүл өз иши тууралуу жыйынтык отчет берген. Эсептөө палатасы бул ишти карап чыгып, каржылык укук бузууларды тапкан эмес. Кызыгы ушул окуя убагында камалып жаткан Акматбек Келдибековдун иши боюнча башкы далилдердин бири. Эгер Эсептөө палатасы иштеп кемчилик таба албай, далилдей албаса, башка кайсы каржылоо булагы мүчүлүштүк таба алат. Акматбек Келдибеков Орусияга өкүлдүк ачкан деп мунун барын Акматбек Келдибековго жалаа жапкан. Иш изилденип Акматбек Келдибековдон эч нерсе тапкан эмес...Дагы бир топ кылмыш иштерин козголгон, бирок бири да чындыкка жакын эмес, арийне жамандалып  кете берген.

(Уландысы болот)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости