www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусундагы Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоор Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган. 
Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер бар.

Жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоор менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин билдирди.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланышы керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”, -дейт шаар мэри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости