www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Циферблаты таза алтындан жасалган жалгыз экземплярдагы Patek Philippe Grandmaster Chime 6300A-010 сааты эч качан колго тагылган эмес. Аны Женевада өтүүчү аукционго коюу үчүн атайын жасап чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, швейцариялык атактуу Patek Philippe брендинин сааты аукциондо 31 миллион долларга сатылган. Бул тарыхта эң кымбат баада сатылган саат болуп калды. Буга чейинки рекорд дагы ушул эле компанияга тиешелүү болчу. Ишкана 2014-жылы Женева шаарында өткөн аукциондо 1932-жылы жасалган саатты 24 миллион долларга саткан.
31 миллонго сатылган сааттын циферблаты таза алтындан жасалган, бети кара жана күлгүн түстөргө алмашып турат. Колго тагуучу куру аллигатордун терисинен колго тигилген. Аны сатып алган киши атын ачыкка чыгарбоону суранган. Эми анын акчасы толугу менен кайрымдуулук ишке которулат. Тагыраагы, тукум кууган булчуңдун дистрофиясы илдетин изилдөөгө жумшалмакчы.
Булак: NazarNews.kg