www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык мааракесинин алкагында бир катар элчилерге Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангын тапшырды. Алардын арасында аты бар, заты жок, элчи катары эмне иш кылып жатышканы эч белгисиздер да бар, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Маселен, Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ырчы Ибрагим Жунусов, Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу, "баатыр" наамы бар Алиясбек Алымкулов да бар. Чынында бул эки эрендин эмне эмгек кылып жатканы деле белгисиз. Жунусов ушундан көрө ырдап эле жүрө берсе болмок. Ал эми Алиясбектин тили эле сайраганы менен колунан иш келбеген мажирөө экени эчак эле ачыкталган. Элчилердин кебетеси ушул болсо жыргаган экенбиз дегендей эле кеп...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости