www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте Улан Примов деген депутат бар. “Жооштон жоон чыгат” – деген сөз куп ушул адамга жарашкыдай. Кенге байланышкан маселе өлкөдө курч турат.

“Кумтөрдү” билесиңер, мөңгүлөр талкаланып, асман тиреген тоолор чөккөндөн чөгүп эле баратат. Кечээ 11-12-ноябрдан тартып эми “Жерүйдүн” тоолорун бомбалай башташты. Чаткал, Ала-Бука, Нарын, Солтон-Сары кендерине байланышкан чырдын аягы үзүлбөйт. Кимдин колунда акча болсо эле кенге бай жерлерди арзан сатып алып эле каза беришет экен. Ага эч ким “кой” деп дагы койбойт.

Эсиңерде болсо 2019-жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешин өткөрүп, ошондо “бир эле адам 41 алтын кенин иштетүүгө лицензия алыптыр” - деп бир ачууланганы бар. Буга Улан Примовдун кандай тиешеси бар деп чыгарсыңар. Бар. Түз эмес кыйыр. 41 алтын кенине эмес. Көмүр сыяктуу башка кендерге. Ал дагы кен да туурабы?  Ɵнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматына ылайык, Улан Примовдун атасы Бердибай Примовго катталган алты ишканасы 11 лицензия алган.

Элестеткиле эми! Айрым учурда жалгыз адам эмес, бүтүндөй үй-бүлө кыштан чыгам деп бир тонна көмүргө зар болуп жүргөндө, бир адам ушинтип бүтүндөй ондогон шахталарга атасынан калган мурастан бешбетер ээлик кылганын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости