www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эмне үчүн жаштар театрга барбайт?», «Эмнеге шоу-бизнестин жалган таланттары сахнаны жана эфирди ээлеп алышты?», “Канткенде жаш таланттуу акын жазуучуларды жарыкка чыгарабыз?» Так ушундай орчундуу көйгөйлөр «Жаңы жүздөр» коомдук уюму уюштурган маданият маселелерине арналган тегерек столдо талкуу болду.

Аталган тегерек столго Кыргызстандын белгилүү чыгармачыл инсандары келип катышып, маданияттын ар кандай тармагы боюнча өз пикирлерин билдиришти. Талкуу башатын баштаган «Жаңы жүздөр» уюму маданият өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, жакынкы аралыкта конкреттүү аракеттерди жасай тургандыгын билдиришти.

Эске сала кетсек, «Жаңы жүздөр» уюму буга чейин дагы чыгармачыл инсандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. Алсак, белгилүү тарыхий инсандарды өзгөчө жаштарга тарбия таанытуу жана үлгү болуу максатына тартылган кинолорго көмөк көрсөтүп келсе, учурда жаш акын, жазуучулардын чыгармаларына байгелүү сынак жарыялады.

- Кыргызстанда акыркы учурларда калктын калың катмары саясат менен болуп, маданият тармагын акыркы орунга кетти. Жалпылап алганда мамлекет үчүн баардык тармак орчундуу жана орундуу болушу керек. Биздин максат улуттук идеолгияны көтөрүп, кыргыздын каада-салтын кадырлап, элге жайылтуу жана өсүп келе жаткан жаштарды колдоо болуп саналат, - деди Темирлан Бекботоев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости