www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар Исхак Масалиев жана Жанар Акаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү сунуштап жаткандыктарын билебиз. Андай мыйзам долбоору дагы даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилээри бышык экендигин долбоордун авторлору билдирген эле.
Авторлордун айтымында, ачык тизмеде шайлоочу партияга гана эмес, ал партияга мүчө талапкерлердин тизмесине добуш бере алат. Мисалы, шайлоочу добуш берүүчү кабинага кирет, ал жердеги бюллеттенде партия жана андагы талапкерлердин курамы көрсөтүлөт. Жаран ал жерден кимди Жогорку Кеңештен көргүсү келсе ошол талапкердин катарына белги коёт. Добуш берүү компьютердин жардамы менен жүргүзүлөөрү каралган.
Бирок, мындай эрежени сунуштап жаткан "Масалиев менен Акаев жөн гана публикага ойноп жатат, келээрки парламенттик шайлоого болгону упай топтоонун амалы. Себеби алардын мыйзам долбоору үчүнчү эмес, биринчи окуудан дагы өтпөй тургандыгын парламент эле эмес өзүлөрү дагы жакшы билишет" - дегендер арбыды.
Булак: NazarNews.kg