www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хиллари Клинтон өлкө саясатындагы Орусиянын таасири жөнүндөгү баяндаманы жарыялоодон баш тартканы үчүн британ өкмөтүн сындады. Ал бул чечимди «түшүнүксүз жана уят» деп атады.
Орусияны 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыптаган Клинтон британдыктар 12-декабрда өтө турган шайлоого чейин парламенттеги чалгындоо жана коопсуздук комитетинин баяндамасы менен таанышууга тийиш деп эсептейт.
«Бул өкмөт баяндаманы чыгарбай турганына таң калдым. Себеби, бул өлкөдөгү ар бир шайлоочу шайлоого чейин отчетту көрүүгө татыктуу. Орусия жеке кызыкчылыгы үчүн батыш демократиясында өз саясатын калыптандырууга аракет көрүп жатканынан күмөнүм жок», -деген Клинтон.
Парламенттин чалгындоо жана коопсуздук комитетинин баяндамасы атайын кызматтар тарабынан текшерилген, бирок премьер-министр Борис Жонсондун кеңсеси аны жарыялоого уруксат бере элек. Британ өкмөтү баяндаманы жарыялоодон мурун анын улуттук коопсуздукка тийгизе турган кесепеттерин иликтеп чыгуу керектигин, ага көп убакыт талап кылынарын билдирүүдө.
Парламент комитети Орусиянын Лондонго каршы багытталган саясатын, анын ичинде 2016-жылы ЕБнын курамынан чыгуу боюнча референдумга кийлигишүү ыктымалдуулугун иликтеген.
Булак: NazarNews.kg