www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми окумуштуулар жаныбардын бул түрү кайра ачылды деп жатышат.

Окумуштуулар Вьетнамдын жунглисинен кичинекей ача туяктуу жаныбар – оленекту табышты. 30 жылдан бери бул жаныбарды биротоло жок болгон эсептеп келишкен.

Вьетнамдык биологдор жергиликтүү тургундардан алар оленекторду бир нече жерден көргөнү тууралуу маалымат алышкан. Окумуштуулар өлкөнүн түштүгүндөгү токойлорго ондогон фотокапкан коюшуп, жыйынтыгында оленектор тартылган эки миңдей сүрөт алышкан.

Оленектор түркүмүндөгү Tragulus versicolor — дүйнөдөгү эң кичинекей ача туяктуу жаныбар. Бир гана Вьетнамды байырлайт. Бул жаныбарды биринчи жолу 1910-жылы жазып чыгышкан. Аңчылыктын айынан алардын саны кыскаргандан кыскарып отуруп, 1990-жылы окумуштуулар оленекторду өлүп жок болду деп чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости