www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата

12-декабрь – кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Бишкекте жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде да жазуучуну эскеришти. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бир эле Кыргызстандын мектептеринде гана эмес, коңшу мамлекеттердин мектептеринин окуу программаларына кирген.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. Жакында эле залкар жазуучунуну эстелиги Москва шаарында тургузулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости