www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда коронавирус жуктурган киши аялынын хиджабын кийип алып самолетто учуп, кармалды. Бул тууралуу CNN Indonesia маалымат булагы жазды. 

Окуя индонезиялык Citilink компаниясынын каттамында болгон. Кармалган адам Жакартадан Тернате аралына багыт алган учакка чыккан. Сапар алдында ал COVID жугузуп алганына карабай жубайынын кейпинде жашырынып өтүүгө аракет кылган. Эркек киши бүт дене боюн, бетин жаба турган хиджаб кийип алып, жубайынын документи менен учакка чыккан. Аялы илдеттен каза болгон.

Жүргүнчүлөрдү коштоочу учак кызматкерлеринин бири дааратканага кирген "аял" никабсыз (мусулман аялдар кийүүчү көзү гана ачык баш кийим) чыкканын байкап калган. Анын эркек киши экенин кызматкер Тернате аэропортунун жетекчилигине билдирген.

Учак жерге конору менен саякатчыны тез жардам унаасы күтүп алган. Аны карантинге жаткырышып, кайрадан ПЦР-тест алышкан. Натыйжада жүргүнчүнүн илдет жуктурганы аныкталып, кийин ал камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости