www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Керек болсо сөз эркиндигин туу туткан, адам укуктарын кадырлаган Америкада дагы, кимдир бирөөнүн жеке үйүнө уруксатсыз кирсе, уруксатсыз жеке менчигин аңтарса, тартып жарыялоого аракет кылса - ит аткандай атып салат. Айрыкча дайым Америка жана демократиянын баалуулуктарын үлгү кылып жүргөн "Азаттыктын" кызматкерлеринин ашыкча укуктарды пайдаланып, бирөөнүн жеке менчигин уруксатсыз тартканы барып, буюмдарын тарттырып жиберип "Сөз эркиндигине каракчылык кылды, сөз эркиндигине каракчылык Кыргызстанда гана бар" деп мамлекетти кошо жамандаганыңар бир аз туура эмес.
Куру сенсациянын артынан кууп же атайын бир обьекти жаман көрсөтүү менен алектенүү эч кандай мамлекеттеги сөз эркиндиги менен байланышы жок. Силер шылтоо кылып каралап жаткан объект учурда мамлекеттик кызматта дагы иштебейт. Бийликте турбайт. Жеке анын үйүнө өзүнөр уруксатсыз каракчылык кылып бастырып кирип барып, буюмуңарды алдырып жиберип мамлекетти күнөөлөгөнүңөргө жол болсун! "Азаттык" Америка тарабынан каржыланат, ал жакта жеке менчик укугу - Ыйык. Ушул эле аракет Америкада болсо, жеке менчик ээси дронун атып салмак. Иликтеп, жат көрүнүштөрдү коомго алып чыгуу керек, бирок мыйзам чегинде. "Азаттык" радиосу чынында журналисттик этиканы сактаган, башкаларга үлгү көрсөтө алган жагынан алдыңкы орунда болчу. Бирок айрым кызматкерлери кээде "хайп" кылып жиберип жатат. Ким болбосун жеке менчик ээсине уруксатсыз кирип, анын обьектисин тартуу дагы айтам, туура эмес. Балким алар тартып жаткан маалда үй-бүлөөнүн жеке мамилелери болуп жаткан учур болуп калышы мүмкүн. Үй булөөнүн өзүнө гана таандык сырын коомчулукка чыгарып салышы мүмкүн.
Дагы бир жагдай бар, Ленин атаңар 70 жыл аң сезимибизге куюп кетип, дагы деле айыга албаган түшүнүк - байларды жек көрүү. Элдеги ошол алсыз түшүнүктү курал кылып алып байларды тебелей берүү дагы жакшы эмес.
Дайырбек Орунбеков, журналист
Булак: NazarNews.kg