www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеште мародерлук иш боюнча талкууда сөз алып сүйлөгөн депутат Камчыбек Жолдошбаевдин пикирине карата “Фейсбуктагы” баракчасына өзүнүн пикирин билдирди:
Камчыбек Жолдошбаевдин Болот Шерлердин үй-бүлөөсүнө карата “Шер деп атап алышат өздөрүн, жаман иттин аты бөрү басар”,-деп айткан көзүнө мындай ойду жана мен билген маалыматты айтып койгум келет: Болот Шерниязов жана анын инилери, Шерниязовдор кыргыз спортуна, мамлекеттүүлүгүнө жана маданиятына салым кошкон, коомдо орду бар, эл арасында сый урматка татыган инсандар. Болот Шер жеке каржылоосуна алып кыргыздын улуттук “Көк Бөрү” эр оюнун дүйнөгө таанытып, федерация түзүп бутуна тургузган.
Садык Шер ак таңдай акындар, маданият өкүлдөрүн, жазуучуларды, Манасчыларды колдоп, кыргыз маданиятына салым кошуп келет. Санап отурсаң салымы көп. Булар Шер деген атына татыктуу азамат уулдардан. Булардын үй бүлөөлүк намысына тийип, жалган жалаа жаап, өзүнүн төмөн деңгээли менен асылып аткан Кубанычбек Жолдошбаевди ким тааныйт?
Кубанычбек Жолдошбаев илгери Нурлан Мотуев менен көмүр талашып жүргөнүн, кийин өзүнө таандык Ош базардагы “Беш сары” соода борборунда иштеген кызды зордуктап койгонун эле билет экенбиз. Мындан башка кыргыз спортуна же маданиятына салым кошкон маалымат уккан эмесмин. Интернеттен анын атын жазып издесем, “кыз зордуктаган”, “журналистке кол салган” деген негативдүү гана маалыматтар чыгып жатат. Ушундай зордукчул адам кадыр-барктуу адамдарга жалаа жапса күлкүң келет экен.
Мындан тышкары ал айтып жатат: “2010-жылы Болот Шер милициялары менен келип көмүр кенин тоногон”,-деп. Бул чоң айыптоо. Жолдошбаев муну катын ушакка таянып жалган айтып жатабы же далил, фото, видеолору барбы? Жогорку Кеңештин трибунасынан ушундай маалыматты расмий айтып, аны КСДПчы депутаттар кыткылыктап күлүп коштоп атышты. КСДПнын арасында калыс оюн айтып, мындай ээн ооздорду кой деп койгонго жараган эч кимиси чыккан жок. Адахан Мадумаровдун “өлүп калган жолборстун үстүнө чөөлөр деле чыгып алып ойной берет”,-деп айтканы бар.
Анын сыңарындай, белдүү азаматтар куугунтукталып, камакка салынгандан кийин Анвар Артыков, Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина, Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу сайда саны, кумда изи жоктор баш көтөрүп, Өмүрбек Текебаев сыяктуу чыгаандарга сын айтып калышты. Ушундай пас адамдарга азамат уул-кыздарыбызды тебелетип, шылдыңдап, кыткылыктап күлүп, жарданып тамаша кылып аткан Жогорку Кеңештеги башка депутаттардын баарынын уяты, намысы жок экен. Мындан тышкары Болот Шерниязов ысымын Болот Шер деп алмаштырып алган себебин уккан жайым бар. Ал киши эки жолу инсульт алган. Себеби, Болот Шер Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу көмүр талашып же “Беш Сарыдагы” кыздарга аңгилик эмес, адилетсиздик менен узак убакыт күрөшүп, элдин таламын талашканы үчүн ал ден соолугунан ажыраган. Ошол инсульттан кийин ырымдан аты жөнүн өзгөрткөн деп уккамын. Ал өзүн Шермин деп мактангысы келген эмес. Менчелик “Ата Мекенди” Текебаевди, Болот Шерди, Салянованы сындаган адам болгон эмес. Алар кызматта, ооматы бар мезгилде сындачумун. Азыр булардын таламын талашам, себеби адилетсиз куугунтук болуп жатат. Жыгылып калган жолборстун үстүнө чөө деле чыгып ойной берет, чөө болбойлу туугандар! Жыгылган адамды тепкилеген, табалаган ал чөөлөрдүн иши! Тилекке каршы бийлик намыстуу уулдарын чөөлөргө тебелетип жатат...
Булак: NazarNews.kg