www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» эл аралык аэропортунун кеңешчиси жана журналист Дайырбек Орунбеков Айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Кымбаттуу биздин асыл зат эже-карындаштар!

Сиздерди, 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм. Мен эненин кадырын, өзүм балалуу болгондо түшүндүм. Түн уйкудан туруп, баланын ар бир ый-күлкүсүн, ар бир кыймылын жанынан жылбай, жүрөгүнөн өткөрүп, наристеси үчүн тоодой тосколдукка дагы башын сайган бул – эне экен.

Урматтуу энекелер! Сиздерге бекем ден-соолук, бактылуу жашоо, узун өмүр жана ар бир эненин баласы акылдуу, кызы абийирдүү болуп чоӊойсун деп тилейм. Жараткан жаныӊыздарга камкор жолдош, күйүмдүү түгөй насип этсин. Аял затын урматтаган, энени ыйык туткан элдин урпагыбыз. Учубуз уланып, ырыстуу, ынтымактуу эл бололу! Майрамыӊыздар менен!  

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости