www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Биз жеке ырчылар мамлекеттен эч кандай колдоо күтпөйбүз, эч нерсе да сурабайбыз. Сыйлык берсе алып коебуз. Себеби, биз мамлекеттик мекемелерде иштебейбиз, жеке ырчыбыз да. Ошол себептен эч кандай деле нааразычылыгыбыз деле жок.

Болгону биздин өлкөдө заман талабына ылайык концерт кое турган бир имарат керек болуп турат. Бул пикирди көп эле кесиптештерим айтып калышат. Ооба, бизде Спорт ордосу бар, бирок ал жерде көп аппаратуралар жок. Концерт берээрде баарын жалдап келесиң. Алардын баары кымбат. Концертиң өзүн актабай калат. Ошол себептен ырчылардын көбү концерт бергенден качат. Эгер бизде заманбап концерт залы болсо, жеке концерттер байма-бай болуп турмак, - деп эстрада ырчысы Данияр Эрматов "Фабула" гезитине өз пикири менен бөлүштү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости