www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда 34 жаштагы жаранга ооруканада дарыгерлер адашып кесарево жасап салышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лесли Морган Уайт аттуу жарандын салмагы 200 килограммдан ашык. Ал өзүн жаман сезип "Тез жардам" кызматын чакырган. Ооруканага келген соң ал дагы деле өзүн жаман сезип жатканын айтканда дарыгерлер ага анестезия жасашкан.

Андан соң дарыгерлер аны жаңылып кардиология бөлүмүнө эмес төрөт бөлүмүнө которуп кесарево жасашкан.

"Операция жасайын деп жаткан учурда дарыгерлер кантип менин жыныстык мүчөмүдү байкашкан жок", - деп нааразы болгон Лесли.

Дарыгерлердин шаалакылыгы үчүн жаран 1 миллион 200 доллар компенсация талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости