www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаров кол койгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам тууралуу пикирин социалдык баракчаларына жазды.
Бекешев бул мыйзам "фейк- аккаунттарга" эмес, бийликти ачык сындагандарга колдонулат деп эсептейт.
“Бирок, бул мыйзам бийликке жардам бербейт. Интернет баракчаларды жаап, бөгөт коюу менен өзүңдү сүйдүрө албайсың. Коркутасың, бирок сыйга татый албайсың. Эгерде адамга жей турганга эч нерсе жок болсо, бийликке жек көрүүсү күчөй берет. Аны эч кандай бөгөт токтото албайт”, - деп жазды.
Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Маалыматта Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экенин, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөрү жазылган.
Булак: NazarNews.kg