www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Чыккынчылык кылдың деген айып боюнча тергөө иштери сотко кеттиби?
— СИЗОдо мени кармаган убакытта бир дагы тергөө иштери болгон жок. Абакта жатып адвокат аркылуу УКМКны сотко бердим. Мени камагандан кийин тергөө жүргүзүп, күнөөмдү далилдебейсиңерби деп. Сот ар кайсы шылтоо таап, доо арызымды карабай 2 ай созуп туруп алды. Аягында Башкы прокуратура чыккынчылык кылдың деп мага козгогон кылмыш ишти кыскартууга аргасыз болду.
— Анда эмне үчүн сизди эркиндикке чыгарышкан жок?
— Үйүмдө тинтүү жүргүзүп, эч бир илинчээк таба албагандан кийин мага “Сизге козголгон кылмыш иштердин баарында күнөөңүз жок экенин жакшы билебиз. Акаев “Кумтөрдөн” баланча миллион доллар пара алган деп жазып берсеңиз кылмыш иштердин баарын кыскартабыз, сиз дароо эркиндикке чыгасыз. Бул президенттин түз буйругу, жеке өзүнүн көзөмөлүндө. Мындан кийин саясаттан алыс болсоңуз сизге тийишпейбиз” деп ачык айтышты.
— Сиз анан жазып бердиңизби?
— Жазып берсем аны кантип далилдейм десем, “Бизге далилдин кереги жок. Жазып берсеңиз эле жетишет” дешти.
— Жазып берип, эркиндикке чыгып алууну ойлонбодуңузбу?
— Мен жетимиш жашка келип, жалганчы, баканооз, ушакчы болгон эмесмин. Жазбай койдум. Ортого кишилер түшүп, “Жазып берип чыгып кетпейсизби, кийин кыйнаганда жазып бердим деп акталып аласыз да” дегендер болду.
— Сизге ошондой шарт койгондо күбөлөр жок болгондур. Буларды бекеринен атайын кызмат деп айтышпайт да?
— Туура айтасыз. Бирок, күбө бар болчу. Ал менин адвокатым. УКМКдан коркуп, кийин ар кандай шылтоо айтып (тишим ооруду, айылда жүрүп калдым ж.б.) адвокаттык милдетин аткарбай койду. Башка адвокат алууга аргасыз болдум. Бирок, азыр абал бир аз бөлөк. Кудайдан корксо, мүмкүн бүгүн айтканымды далилдеп берээр. Ким билет? Кудай алыс, иши көп, УКМК болсо жакын, укуругу узун, бийлиги чексиз экенин ал жакшы билет…
Булак: "Жаңы Ордо"