www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Бул окуялардан 3 ай мурун сизге биринчи кылмыш иши козголуп, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып коюлганын жалпы элибиз жакшы билет. Бир жылдан кийин “Азаттыктан” соттун чечиминде “Бийликти күч менен басып алууга Сарыгуловдун катыштыгы жок экен. Бирок, кылмышты билип, жашырып койгону үчүн 4 жылга шарттуу кесилсин” деп, сиз соттолгон киши болуп калганыңызды эл укпадыбы. Бул кылмыш ишти билип, чын эле аны жашырып койдуңуз беле?

— Мыйзам минтип чечмелейт. Кылмышты жашырып койгондун 3 белгиси бар. Алар: кылмышкерди жашыруу, кылмыштын изин жашыруу жана кылмыштын куралын жашыруу. Бирок, 3 белги тең материалдуу болушу керек. Бир сөз менен айтканда айыпка негиз болчу далилдер колго кармалчу далилдер болуу шарт. Тергөө материалдарында мындай белгилердин бири да жок.

— 2016-жылы март айында бир жума тынбай КТР элге Асанов, Кадыров менен сиздин сүйлөшкөнүңүздү берип жатпадыбы. Ошондо, сизди карыганда жөн жүрбөйбү деп, жаман көргөндөр четинен чыкчу да?

— Соттук териштирүүдө бул видеотасма жалган, жасалма экени далилденди. Мен Асанов, Кадыров менен акыркы жолу кокустан соода борборунда 2013-жылы жолугуп, андан кийин бир дагы жолу алар менен жолукмак түгүл, телефон, интернет аркылуу да байланышпаганым сотто аныкталды. Асанов, Кадыровдон курал-жарак, акча, план, басып алууга катыша турган адамдардын тизмеси да табылбай, алар деги эле жок болгону соттук териштирүүдө далилденди. Текебаев камакка алынганда партиялаштары, жердеш, туугандары үч жүздөн ашык адам жолду жаба албай коюшту. Ал эми курал, акча, кишилери жок эки адам бийликти басып алууга аракет кылган дегенге акылы соо адам кантип ишенет? Ошол күндөрү президент тергөө баштала электе эле жалпы элге “Булар кылмышкерлер, орду түрмөдө” деп айтып салды. Анан тергөө, сот кантип калыс жүрсүн!? Эң кызыгы, Асанов менен Кадыровго айып коюлганда Карыбеков, Сарыгулов деген ысымдар таптакыр жок. Карыбековго айып койгондо Сарыгулов деген ысым бир дагы жерде айтылбайт. Анан жалган, жасалма видеотасма элге көрсөтүлгөндөн кийин мени аларга кошуп, бириктирип, мага иш козгоп, айып тагышпадыбы.

— Сиз адилетсиз, чыныгы зордук, зомбулукка учурагандан кийин Башкы прокурорго, тергөөчүлөргө арыз (ходатайство) менен эмне үчүн кайрылган жоксуз?

— Башкы прокурорго 6 арыз (35 барак), тергөө башкармалыгына 5 арыз (48 барак) бердим, акыйкатчыга 2 жолу кайрылдым. Бири дагы каралган жок. Тергөөдө, соттук териштирүүдө Кылмыш процессуалдык кодекстин 11-беренеси одоно орой бузулду. Анын баарын далилдеген 125 барактан турган материалдар колумда, адвокатта бар. Бирок, бийлик аны уккусу да, көргүсү да келбей койбодубу…

— Сизди күнөөлүү деген 339-берене 2016-жылы алынган мунапыска кирген жок беле?

— Талашсыз, күмөнсүз кирген. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 315-беренеси сотторду өкүм чыгарганда милдеттендирет: Мунапыс жөнүндө мыйзамга сот чечими учураса, мунапысты колдонууга, жаза мөөнөтүн абакта жаткан күндөрүнө азайтууга, алтымыштан жашы өткөн эркектерге жаза мөөнөтүнүн төрттөн үчүн гана коюуга. Бул берененин бир дагы талабы аткарылган жок. Сот, прокурорлор өзүн мыйзамдардан өйдө коюп, каалагандай мыйзамдарды калчай бергенине күбө болдум. Мурда баңгизат, адам, курал, алтын аткезчилиги эң кирешелүү болсо, кийинки 5 жылда сот-прокурор-милиция болду деп жазып жаткандарга мен ишенип калдым.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости