www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— 2013-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссия (Т. Сариев жетектеген) эмне үчүн ушунун баарын ачыкка чыгарып, Кыргызстандын пайдасына так иш-чараларды сунуштаган жок деп эсептейсиз?
— Комиссиянын максаты такыр бөлөк болгону кийин ачыкка чыкты. Комиссия берген маалыматтардын 40 пайызы чындыкка дал келбейт. 30 пайызы үстүртөн жазылган. Комиссия калыс, адилет иштеген эмес. Чыныгы максаты- саясый спектакль уюштуруп, элди алаксытуу. “Центерранын” жетекчилерин катуу коркутуп, кийин колдун келишинче көбүрөөк “базарлык” өндүрүп алуу болсо керек…
— Сариев Жогорку Кеңешке отчет берип жатканда, баарына жалгыз Сарыгулов күнөөлүү дегендей пикир жаратпады беле? Сиздин күнөөңүз барбы?
— Ырас, атайын тапшырманы аткарды. 1994-жылдагы Башкы Келишимге кол койгон 29 министрдин бирин дагы атын айтпай, Сарыгулов кол койду деди. 2003-жылы түзүлгөн “Центеррага” тийешеси бар 15 министрдин аттарын айткан жок. 2009-жылдагы келишимге тийешеси бар жетекчилердин бирин дагы айтпады. Баарына Сарыгулов гана күнөөлүү деген маанай жаратканга катуу аракеттенди (анткени элдин көңүлүн 2003, 2009-жылдардагы келишимдерден тескери буруп, ачуусун Сарыгуловго багыттоо тапшырманы алган). Комиссиянын отчету 488 беттен турган. Аны маселе Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда гана кечиктирип депутаттарга таратты. Отчетту түшүнүп, окуу үчүн эле бир жума убакыт керек пайдаланды. Кыргызстандын кызыкчылыгы ошол бойдон чечилбей калды. Эл бир нерсени гана угуп, эстеп калды. “Сарыгулов акмак, ит турбайбы” дегенди.
— Т. Сариев ушул маалыматтарды элден жашырып койду деп так айта аласызбы?
— Өтө маанилүү далай маалыматтарды атайын айтпай, элден жашырды. Алар төмөнкү маалыматтар:
1. “Центерра” Конституцияга жана Башкы Келишимге каршы, Жогорку Кеңештин 3 жолу, 2003-жыл, 2004-жыл, 2005-жылы кабыл алган токтомдорун одоно бузуу жолу менен мыйзамсыз түзүлгөнүн айтпай койду;
2. “Камеко” Канаданын мыйзамдарын одоно бузуп, “Центерранын” акцияларын сатыкка чыгарган шылуундугун айтпай, элден жашырып койду;
3. 2003-жылы 31-декабрь күнү Танаев кол койгон токтом Конституцияга карама каршы жана Өкмөт жөнүндө мыйзамды бузуу жолу менен алынган, демек ал токтомдун юридикалык күчү жок, ал мыйзамсыз токтом экенин элден жаап, жашырды;
4. “Центерра” мыйзамсыз түзүлүп, Кыргызстанга 1 миллиард доллар зыян алып келгенин элге айтпай койду;
5. Келишимдин 3.9 беренесине ылайык, “Камеко” Кыргызстанга 218 млн доллар келтирилген зыянды төлөп бергенге милдеттүү экенин элге атайын атпай койду;
6. “Центерра” 2009, 2010, 2011, 2012-жылдары “Кумтөргө” 840 млн доллар капиталдык салым кылганы өтө күмөндүү, аны сөзсүз дыкат текшерүү керектигин элге айтпай койду.
— Бул маалыматтар кимдин кызыкчылыгы үчүн жаап-жашырылды деп ойлойсуз?
— Албетте, “Камеко” менен “Центерранын” пайдасы үчүн. Сариев бул маалыматтарды элден жашырбаса Жогорку Кеңештин кабыл алган чечими Кыргызстандын пайдасына болмок. Бул жаш балага да түшүнүктүү болуп турбайбы.
— Сариев ушул үчүн пайда көрдү дегени турасызбы?
— Пайда көргөнүн билбейм. Пайда көрдүбү же бирөөнүн буйругун аткардыбы, ал тергөөнүн иши… Бирок, “Камеко” менен “Центерранын” кызыкчылыгы үчүн кылганы талашсыз факт.
— Өз убагында эмне үчүн Сариевге, ошондогу премьер-министр Ж. Сатыбалдиевге ушунун баарын айтып берген жоксуз?
— Сатыбалдиев такыр кабыл албай койду (гезит аркылуу да кайрылгам). Сариев болсо жолуккусу да, уккусу да келбей койду. Аргасыздан 2012-жылы “Центеррага” байланыштуу 7 көлөмдүү макалаларды гезиттерге жарыяладым. Кийин түшүндүм, Кыргызстандын кызыкчылыгын талашып, аны коргоп калуу Сариевге такыр кереги жок экен. С. Жапаров жазып чыкты деп кийин уктум, Өкмөт канча пара алганын ушул үчүн. Эми аны териштиргенде гана бышык айтса болот да…
— 2000-жылдан бери бийлик “Камеконун” жактоочусу боло баштаганын эл билип калган. Т. Сариев да “Камеко” тарапка өтүп кетти деп эсептейсизби?
— Өттүбү, өткөн жокпу, аны айта албайм. Бирок, айтылган маалыматтарды элден жашырбаса Кыргызстан өз пайдасына бир топ маселелерди чечип алганга үлгүрүп калат эле. Муну бышык айтса болот. Буйрук берген кишинин тапшырмасын жакшы аткарып берген үчүн премьер-министр болду да кийин…
— Сиз сунуштап жаткан планды ишке ашырып, “Центеррадан” 2 млрд доллар акчаны элибизге кайтарып бергенге кимдер каршы чыгат?
— Денонсация же национализациянын ийгилиги өтө күмөндүү, чыр-чатактуу, өтө опурталдуу жолду сунуштагандар каршы болот. Булардын саны анча деле арбын эмес. Эң зор каршы болуп, бирок тымызын катуу бут тоскондор — булар азыр да бийликте чоң кызматта турган 2003-жылы жана 2009-жылдагы келишимдерге тийешеси бар төбөлдөр (же алардын туугандары, балдары, достору). Мен сунуштаган план булар үчүн өтө коркунучтуу (эгерде аны ишке ашырса). Үчүнчү топ- 2012-жылдагы Мамкомиссиянын мүчөлөрү, анын төрагасы Сариев, ага ушундай кыласың деген буйрук берген адам.
— “Камеко” менен эле ишти алып барса болбойбу?
— Батыш кылмыштын 2 түрү менен гана дайыма аёсуз күрөшөт. Салыкты жашырып же толук төлөбөсө жана коррупция кылса. Бул жерде коррупция даана,
талашсыз болуп турат. Ошол үчүн Батыш Кыргызстандын аракетин колдойт. Эгерде Кыргызстан "Центеррага" тийешелүү Акаев, Танаев жана башкаларды тим койсо, анда Батыш Кыргызстандын аракетин колдобойт, эки жүздүү саясат ачыкка чыгат. Демек, эки маселе бул жерде катуу бири-бири менен чырмалышкан, аларды бирге гана чечсе болот, бөлсө чечилбейт.
— Сиздин планыңыздын ишке ашуусу же ашпай турганы президенттин чечимине байланыштуу турбайбы?
— Туура, 2 млрд долларды элибизге “Центеррадан” кайтарып алуу, Президенттин саясый эркине гана байланыштуу болуп турат. Бийлик бул пландан баш тартса, анда “Центерра” бийликтин көңүлүн таап алган дегенге эл ишенгенге аргасыз болот.
Маектешкен: Темирлан Токтоболотов
Булак: "Жаңы Ордо"