www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу журналисттерге кайрылуу жасады. Төмөндө сөзү толугу менен:
Урматтуу айрым журналисттер! Сиздер бизден интервью алгандан кийин, айтайын деген негизги ойду түшүнүп туура жеткирсеңиздер максатка да, этикага да ылайык болмок! Кечээ, Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнерден салынган убактылуу мектеп тууралуу сураган "Govori.tv" сайтына берген маегим эфирге үзүлүп чыгып, мааниси башка жакка бурулуп отурат.
Мен ал айылда болгом, ӨКМ колдонууга кооптуу деп жабуу сунушун берген мектепте болгом. Эми ошол күтпөгөн маалда кулап, окуучуларды басып кала турган мектепке караганда контейнерден жасалган мобилдүү мектепте окуу алда канча коопсуз болгон. Мында уяла турган нерсе жок!
Адатта эски мектептер кулап же курулуш бүтпөй, окуучулар чатырда, бозүйдө окуп калган учурлар көп кездешет бизде. Андыктан, ошол контейнерлерди коюп, окуу программасын үзгүлтүккө учуратпай, билим берүүнү камсыздагандарга мен ырахмат айтам. Уяла турган нерсе-АЛ жерге чиновниктердин барып алганы, шаан шөкөт кылганы.
Ушул оюм ортодон кыскартылып берилип, соцтармактар дуу түшүп турат. Кантсе да мен коомдогу кайсыл гана көйгөй болбосун оюмду ачык айткан, прессага ачык эл өкүлү бойдон ишимди уланта берем. Тек, жоопкерчилик менен тактык баарыбызда болууга тийиш...
Булак: NazarNews.kg