www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин айрым депутаттарды көрүп олтуруп балыктар да сүйлөп ийгиси келет, чиркиндики. Тимеле даават угуп аткансып же биринчи класстын баласынан бетер башкаларды кунт коё угуп эле олтура берген депутаттарыбыз арбып баратат, - деп жазып чыкты "De-facto" гезити.

Маселен, Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Абдыкапар Султанов деген депутат бар узун-туурасы бирдей болгон. Балык эй, кадимки эле тымпыйган балык. Бир жолу да олуттуу маселе көтөргөнүн көрө элекпиз. Эл өкүлү болуп эмне максат менен олтурганы белгисиз.

Мына ушундай саны бар, сапат дегенден түшүнүгү «нөлдөрдүн» айынан мыйзамдарыбыз чала, чийки болуп атпайбы. Султановду эл тургай Жогорку Кеңештеги депутаттардын айрымдарынан сурашса, «аа, ошондой бирөө бар окшойт да»-дешет экен. Бул эмнени айтат?

Бул деген Абдыкапар Султанов деген бирөө мамлекеттин маанилүү, күрөө тамыры болгон бутагында ит бекер олтурганын айтат. Болбосо элге керек, мамлекетке зарыл маселелерли көтөрүп, мыйзамдарды иштеп чыкпайбы. Колунан келбейби, анда эл жүгүн жүдөп-какабастан, тыкылдап көтөрүп кете ала тургандарга бербейби?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости