www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оргу-баргы сүйлөп, оюна келгенди тартынбай айткан, бул сөздү айтып, коомчулуктун сынына калбаймбы деп кооптонбогон, өзүн тобокелге салгандан коркпогон “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болгон Зарылбек Рысалиев деген депутатбыз бар. Ошол депутаттын кайсы бир гезитке чыккан маегин окуп алып, деңгээли өсүптүр деген ойго кептелдим. ИИМдин министри болгон кезде да мынчалык, деңгээли жок болчу”- дейт аны жакындан билгендер.
Деңгээлинин жоктугунан, Атамбаевге катуу ишенип, өз кадрларын коргойт, сатпайт деп берилип алганы үчүн Текебаев менен кармашам деп министрликтен ыргыды да. Ал ойлогондой болсо, Атамбаев Текебаевди эмес, Рысалиевди тандамак да.
Эгер Рысалиев Текебаевдей куу, анан акылдуу болгондо президенттердин күрөө тамырынан кармап алып, Өмүрбек Чиркешовичти да эсептештиртип, министрликтен да кетмек эмес.
Булак: NazarNews.kg