www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте коронавирус коркунучун алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранышты. Мындай сунушту депутат Адылбек Жунус уулу көтөрүп чыкты.

Ал Өрто Азияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча Тажикстандан кийинки эле орунда Кыргызстан тураарын белгиледи.

«Биздин мамлекекет кичиней, ага карабастан илдетке чалдыккандардын саны 2 миң. Бул албетте бизде тартип жоктугуна байланыштуу. Бизге темирдей катуу тартип керек, ошондо гана биз вирусту жеңе алабыз. Эгер жайында жеңе албасак күзүндө да кышында да үйдө отурууга мажбурбуз», — дейт депутат Адылбек Жунус уулу.

Депутат февралдын башында Кытайга барып, пандемияны жеңүү үчүн эли кантип аракет кылып жаткандыгын көрүп, баа берген.

«Бизде коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн көбү бет капсыз жүрүшөт. Дүкөндөргө да бет капсыз киришет. Ал эми базардагы элден эмне үчүн бет кап тагынбай жүргөндүктөрүн сурасам, алар мага күлүп коюшту», — дейт ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 1 миң 936га жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости