www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте “Мамлекеттик лотерея” ишканасы түзүлүп, анын бутуна тургузуу максатында 10 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2018-жылы жылы 20 млн сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды. Деги ал азыр эмне кылып жатат? Компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керек да. Биз ошондо жалпы эле кумар оюндарына тыюу салалы десек, өкмөт “бир жылдан кийин лотереядан мамлекеттик бюджетке 150 млн сом, ал эми эки-үч жылдан соң 300 млн сомго чейин каражат түшөт” деп каршы туруп алган. Бирок ал акчалар мен билгенден бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн бюджетине түшө элек. Ошондуктан мунун саясатын өкмөт ойлонушу керек.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров бүгүнкү парламент жыйынында айтып, өкмөт мүчөсүнө кайрылды.
Булак: NazarNews.kg