www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаковдун таасын айткан кеби бар “сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп. Бирок, азыр ким таза. Эл бийлеген төбөлдөр, акыл калчар депутаттар, тагдыр чечкен министрлер алдоо жолу менен иш алып барыш жатышканы элдин кыжырын келтирип жатса анан кантип таза болууга жол ачылат.
Ооруканалар ден-соолук базарына айланса, билим берүү тармагында коррупция гүлдөп-бүрдөп жатса, миллиондорду жеп-ичип өлкөнү таштап качып кеткендердин саны барган сайын көбөйүп жатса анан кантип таза болууга туура келет.
“Балык башынан сасыйт” деп айтылгандай, бийлик секисинде жүргөн чоңдор тазаланмайын, деле таза коомду түзүүгө болбойт. Бир эмес миң камера коюлса дагы. Андыктан алгач аң сезимди тазалаш керек экенин да эске алган жөндүү.
Булак: NazarNews.kg