www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте бүгүн, 2-октябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып, анда түшүнүксүз жагдайлар орун алды.
Кызыгы, мыйзам долбоорду талкуулоого, Профсоюздар федерациясына кирген 29 тармактын жетекчилери жооп берүү үчүн келишкен. Алардын берген жоопторуна эмнегедир депутаттар канааттанбаганын билдирип жатышты.
Депутаттар белгилегендей, кошуундун иши ачык болбой жатат. Бирок, бирликтин жетекчилери анда айткандарына караганда, маселенин түйүнү келип, кесиптик кошуундун президентине такалат. Кызыгы, буга баш оорутуп, кызыгып койгон депутат болгон жок.
Ал эми Кыргызстандын кесиптик бирлигинин башчысы Мирбек Асанакунов жыйынга келген эмес. Балким Асанакуновдун келишин талап кылганга бир дагы эл өкүлүнүн духу жетпесе керек. Анткени Мирбек мырзанын аялы Гүлкан Молдобекова СДПК фракциясынан чыккан “монстр” экени коомчулук арасында айтылып жүрбөйбү. Бул аялдын “кудурети” каякта экенине таң берүүгө болот. Атамбаевдин тушунан бери “баншик” күйөөсүн мамлекеттик бир канча жетекчилик орунга олтургузду. Ошол эле учурда Асанакунов жөн жүрө албай коррупцияга дагы шектелип, бирок анысы унутулуп бара жатат. Эрди-катын жашаганды билишет экен да.
Булак: NazarNews.kg