www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мира Ниязбекова, Ничке-Сай айылдык кеңешинин депутаты:
— Мен Осмонбек Артыкбаевди кимге болбосун жардамын аябаган, жөнөкөй, социалдык, моралдык көмөгүн аябай берген инсан катары билем. Чыгармачыл адамдарга демөөрчү болгонуна, спортчуларды колдоп, мектеп, бала бакча, спорт залдарды оңдоп, көпүрөлөрдү салганына күбө болгонбуз. Дайыма карапайым эл менен жолугуп, эл-журтунун арыз муңун угуп, колунан келген көмөгүн аянбай берип жүрөт. Ошондуктан анын жасаган жакшылыктарын эл унутпайт жана аны дайыма колдоп жатат. Айылдаштары, эли-журту Артыкбаевдин эркиндигин күтүп жатышат. Мындай учурда “ак ийилет, бирок сынбайт!” деп айтат элем.
Аяткан Талипова, Ничке-Сай айыл кеңешинин депутаты:
— Осмонбек Артыкбаев карапайым элге карапайым мамиле жасаганы абдан жагат. Ал өзүнүн маңдай тери менен ишкерликти баштап, андан кийин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп өзүн мыкты адам катары көрсөтө алды. Кандай гана маселе болбосун күнү-түнү, жайы-кышы, ысык-суук дебей элдин маселесин чечип жүрөт. Ал эл арасында таанымал инсан, Ничке-Сай айыл элинин ардактуу ата улуу, кыргыз элинин чыгаан уулу деп эч тартынбай айтат элем.
Ничке-Сайдагы Малабай мектебинин курулушу, айылдын конторасынын курулушу ал кишинин эмгеги экенин эл жакшы билет. «Сан» жайлоосуна жол салып берген, учурда бул жол элге кызматын кылып жатат. Ал ар бир майрамда алсыз, улгайган, кары-картаңдарга, улууларга, бей- бечараларга, ардагерлерге, апаларга, аталарга, оорулууларга өзүнүн каражатынан далай кайрымдуулук кылган. Анын жакшылыгын көргөн адамдар эч качан жаман сөз айтышпайт. Артыкбаев эч качан мен ушундай иш жасадым деп башкалардай болуп убагында мактанчу да эмес. Анын кандай мыкты эл уулу экенин айтышыбыз зарыл.
Азамат Масылканов, Ничке-Сай айыл кеңешинин депутаты:
— Осмонбек Мамбетжанович эл-жерине көп кызмат кылган инсан деп айтар элем. Ал кишинин аракетинин натыйжасында Ничке-Сай айылындагы Акылбек Шабданов атындагы мектептин долбоору бүтүп, курулушка тендер жарыяланып куруучу фирма аныкталган эле. Буюрса жакында курулушту баштайбыз деп убада берип жатышат. Бул эмгек ал кишинин гана эмгеги экенин Ничке-Сай, Чоргочу айылынын элине кайра кайра айтып жүрүшөт.
Ошондой эле ал кишинин жеке каражатыңыздын эсебинен бүткөн Акылбек Шабданов мектебинин спорт залы азыркы учурда иштеп жатат. Райондук мелдештерде окуучуларыбыз, айылдагы жаш балдарыбыз жыйынтык берип жатышат. Бул ишке да Артыкбаевдин салымы чоң. Мындай иштерди көп жасаган инсан, аны өзү эсептей албайт, бирок эл санап айтып беришет дейт элем.
Турусбек Эрмекбаев, Ничке-Сай айыл кеңешинин депутаты:
— Кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Осмонбек Артыкбаев учурда күнөөсү жок болсо да сурак берип отурат. Осмонбек Мамбетжановичти чыныгы элдин уулу, мыкты инсан деп ишенимдүү айта алам. Айылдаштарына ар дайым камкор болуп келген. Ден соолугу начар оорукчанга «врач» болгон адам. Мусапыр, оор турмушта жашаган бей-бечераларга «байкеси», «атасы», «бир тууганы» болгон адам. Жол салган «жолчу», мектеп салган «мугалим» адам деп айтмакмын.
Санай берсе өтө эле көп жакшылыктарды жасаган эл өкүлү. Эми ал кишини Кудайым колдоп, аман-эсен бул иштен «акталып» чыгышыңызды тилейбиз.
Булак: "Ачык сөз"