www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар уран талаша кетишти...

Парламентте уран маселеси талашка түштү. Бүгүн, 10-октябрда депутаттардын кароосуна келген уран казуу боюнча өкмөттүн мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу сунушу колдоо таппай калды. Добуш берүүдө чуркап жүрүп кнопка баскандар болду. Муну эл өкүлдөрүнүн өздөрү төрагалык кылып жаткан Мирлан Бакировго эскертүү катары жөн эле айтып коюшту.

Талкуу учурунда, эл өкүлдөрүнүн айрымдары уран казууда иштеп жаткан 170ке жакын мекендештер үй-бүлөсүн багып жатканын бетке кармаса, экинчи тарабы урандын ден-соолукка жана туризмге тийгизе турган зыяндуулугун карманышты. Мындан улам мыйзам долбоорду вице-премьердин жана бир катар тиешелүү органдардын катышуусунда кароо үчүн күн тартибинен алып салуу сунушу түшкөн болучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости