www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери калк ичинде “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген кеп бар эле. Ал кеп азыркы маалда биздин эл өкүлдөрүнө туура келип турат окшойт. Дегеним, депутат Сурабалдиева, депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков сунуштаган калпакты мазактаган жеке жактарды 1000 сом, юридикалык жактарды 5000 сом айыпка жыгуу тууралуу мыйзамга каршы чыгып, жакында эле коомдук резонанс жараткан эреже бузуу кодекстери боюнча маселени жөндөй албай жатканда шүк эле олтургула дегендей кылды.
Ал өз сөзүндө: “Мен демилгечилерге кайрылат элем: мисалы, имараттын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бирок, Жогорку Кеңеште отурган депутаттар баарыңар отуруп алып тамеки чегесиңер. Өзүбүз мыйзам чыгарабыз, анан аткарбайбыз. Анан биз деген молдолорго окшобойлу. “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген сөз бар. Жума күнү саат 1ден 2ге чейин намазга жыгылып коюшуп, ишемби күндөрү арак ичип, саунадан чыкпай калган канча кыргыз мусулмандары бар, туурабы? Ошолорго окшобойлу”, – деди.
Башкасын айтып эмне кылабыз? Бир эле мисал бардыгына чекит койду. Аман эле болгула урматтуу депутат молдолор.
Булак: "Факты"